Menu

Видео – Кара баскан кыргыз учактары… “Тез жет” жана “Авиатрафик” авиакомпанияларынын учактары улам бир кырсыкка кабылууда

Бөлүшүү:

Акыркы жылдары ансыз деле Европа биримдигинин “кара тизмесине” кирген Кыргызстандын учактарын такыр эле кара басканбы, өлкө ичинде да улам бир кырсыкка кабылууда. Дагы Кудай жалгап, самолёттордун гана тетиктери бузулганы болбосо, адам өмүрүнө олуттуу зыян келтирилген учурлар каттала элек. Быйыл 1-мартта “Тез жет” авиакомпаниясынын Бишкек-Баткен каттамында бараткан учагынын бир кыймылдаткычы күйүп кеткен. Жарым жолдон артка кайтып, “Манас” эл аралык аэропортуна конгон учакта 96 жүргүнчү жана экипаждын төрт мүчөсү болгон. Ал эми августтун башында Ош-Анталия багытында бараткан учак техникалык себептен улам Бишкекке конууга мажбур болгон. Мындан сырткары, “Авиатрафик” компаниясына таандык учак 29-июлда 89 жүргүнчү менен абага көтөрүлүп, кайра конгон. 30-сентябрда да эртең менен “Ош” аэропортунан Москва шаарына учканы жаткан “Boeing 737” учагынын дөңгөлөгү жарылып учпай калды. Жабыркандар болбогонун каттамды аткарган “AviaTraffic” компаниясынын жетекчиси Алик Аскаров билдирди. Кыргызстанда болгону 36 учак бар. Анын жарымы жараксыз абалда. Төрт компания – “Авиатрафик”, “Эйр Манас”, “Тез жет” жана “Эйр Кыргызстан” жүргүнчү ташыйт. Алар “Эйрбас”, “Боинг”, “Аврожет” учактарын колдонушат. Мамлекеттик “Air KG” компаниясы «ТУ-154» учагы менен президентке кызмат кылат. Бирок мамлекет башчыбыздын да эсил кайран СССРден “мураска” калган бул учагы да техникалык, моралдык жактан эскирип, учууга кооптуу болуп калгандыгын, андыктан жаңы самолет сатып алуу керектигин өткөндө бир депутат айтып чыккан болчу. Деги элибизди да, президентибизди да Кудай эле сактасын деп туралычы.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: