Menu

Коррупция менен камалган Ахмат Келдибеков той берди

Бөлүшүү:

Коррупция статьясы менен камалып, мамлекетке болгону 10 миллион сом айып төлөп, тизесин операция кылдырган болуп жазадан жеңил кутулуп кеткен Ахматбек Келдибеков учурда коррупция тууралуу акыл айтса, төбөсүнөн көк буу чыгат. Кудум «ууруну карма деп ууру кыйкырат» дегенди эске салып… Мына ошол Ахматбек 28-сентябрда уулун үйлөнтүп, Бишкектеги “Ала-Тоо” ресторанында той берди. Кудалары Алматынын таасирдүү уйгур кланынын өкүлдөрү экен. Келдибеков уулу Бекболот менен келини Камилага өкүл ата кылып, айтылуу Райым Матраимовду дайындаганын тойдо өзү жар салды. Матраимов той ээсине, жаштарга куттуктоо сөзүн айтып, ийгиликтерди тиледи. Тойго Үсөн Сыдыков, Нариман Тулеев, Темир Сариев, Камчыбек Ташиев, Феликс Кулов, Медеткан Шеримкулов, Адахан Мадумаров, Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров, Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов, Руслан Казакбаев жана башкалар барышкан. Ошентип Келдибеков учурда түкүрүгү жерге түшпөй турган Матраимовдун этегин кармады….

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: