Menu

Бакиевдер чын эле өлкөдөн жүздөгөн миллион долларларды чыгарып кетишкенби?

Бөлүшүү:

Бир нече жумадан бери коомчулукта кайсы бир кезде канзаада Максим Бакиев менен табакташ болуп жүргөн аферист Евгений Гуревичтин билдирүүсү катуу талкууга алынып келе жатат. Видеокайрылуусунда Гуревич: “Бакиевдер өлкөдөн 200-300 миллион доллар чыгарып кеткен, анын баарын далилдеп бергенге даярмын”- дегендей азыркы бийликке ишарат жасаган. “Шамал болбосо…” бул сөз чыкмак эмес, демек, бул багытта да саясий оюндар башталды.

Убактылуу өкмөттүн тушунда “Азия Универсал банкынан” бакиевдик бийликке таандык болгон миллиондор чыгарылып кеткени жөнүндө маалымат пайда болгону ырас. Бирок, бул багытта Убактылуу өкмөт мүчөлөрү, кийин президент Атамбаев абдан эмоционалдуу: “анын баарын кайтарабыз, керек болсо Бакиевдин өзүн алып келебиз…”- дешкени менен, конкреттүү жыйынтык аликүнчө болгон жок. Мына азыр белгилүү болгондой, анын баары жөн гана сөз, ошол учурдагы кырдаалга жараша саяясий упай топтоонун гана амалы болуптур. Себеп дегенде, акчалар чыгарылып кеткени чын болсо, аны кайтаруу багытында атамбаевдик бийлик аз болсо да аракет жасамак да. Гуревич болсо: “кылмыш ишимди жапсаңар, жардам берем…”- дейт. Албетте, Текебаевди жыгып берген Маевскийге окшоп, анын да көздөгөнү бар.

Бакиев бийлигинин тушунда экономикалык көрсөткүчтөр кыйла жакшырганы белгилүү. Аны атамбаевдик бийликтин экономикалык көрсөткүчтөрү менен салыштырганда да көрө алабыз. Демек, ал өзү колунан келишинче эл үчүн баш-оту менен иштеп берүүгө аракет жасады. Бүгүнкү күндө Курманбек Бакиевдин дагы, бир туугандарынын дагы чыныгы абалын өз булактар аркылуу абдан жакшы билебиз. Көбүнесе, бир туугандары кандайдыр бир жеке жумуштарда жүрүп, үй-бүлө багышууда. Кыргызстандагы үйү, унаасы болсо, анын баарын сатуу менен оокат кылып келген инилери бар. Жыргап, оромпой тепкен жоруктары угула элек. Эгерде миллиондорду уурдаган болсо, эмнеге өлбөстүн оокатын көрүп жүрүшөт?

Кепти чынынан айта турган болсок, бул миллиондор учурда Максим Бакиевдин колунда болушу мүмкүн. Себеби, бул баланын жашоосу өйдө. Төңкөрүштөн кийин атасын да, экс-президенттин бир туугандарын да чанган. Кабар албайт. Эгерде төңкөрүшкө дал ушул Максимдин туура эмес аракеттери себеп болгонун эстесек, баары ордуна келет. Бир баланын арамдыгы үчүн бүт бир туугандарды күнөөлөй берген чынында туура эмес го… Жакында бул багытта Бакиевдердин бири менен сенсациялуу маек жарык көрөт, күткүлө…

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: