Нарын облусунда табигый кырсыктардан 570 турак-жай, 50 га жер аянты корголду. Бул тууралуу кечээ, 19-октябрда КР ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Токтобек Шонкоев билдиргенин ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
“Нарын облусунун аймагында 19 делген кооптуу объектиде алдын алуу иштери жүргүзүлүп, аткарылган иштердин жыйынтыгында 570 турак-жай, 2 мектеп, 2 ФАП, 50 га жер аянты, 100 көрүстөн жана ички унаа жол сел каптоодон жана суу ташкындарынан корголду. Аталган иш-чарага министрликтин, облустук Жарандык коргонуу кызматтарынын жана айыл аймактардан техника каражаттары тартылган», — деди полковник Т.Шонкоев.
Эскерте кетсек, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары жүргүзүлүп келет.
Жыл башында атайын мерчем бекилип, кооптуу делген участоктордо жээк бекемөө, сел каналдарды тазалоо, сел тосмолорду, дамбаларды куруу жана башка коргоочу жумуштар аткарылат.
Мындай аракеттер жергиликтүү бийлик органдары тарабынан да жүргүзүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ