Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин отуруму болуп өттү. Анда депутаттар аткезчилик менен күрөшүү боюнча өкмөттүн отчетун карашты. Ага Каржы полициясынын башчысы Бакир Таиров катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берди.
Жыйынга катышкан депутат Искендер Матраимов: «Бүгүн «Азаттык» “Каржы полициясынын башчысы баарына үй-бүлө күнөөлүү”,-деп”, аткезчиликке бизди айыптаган маалымат таратты. Кантип ушундай маалымат бердиң?» — деген суроону Бакир Таировго узатканда, ал андай деп айтпаганын билдирди.
Анын жообунан кийин, Матраимов журналисттерге кайрылды. «Бул жерде көптөгөн журналисттер отурат. «Азаттыктан» ким бар, жооп бергиле? Кайдагы бир уйгурдун сөзүнө шилтеме кылып мындай нерселерди жазууга ким укук берди? Эч ким укук берген эмес! Эмнеге силер ушундай нерселерди жазып жатасыңар? Мен азыр Юсуров тууралуу (депутат Абдумажит Юсуровду айтууда – авт.) бир нерсе десем, аны дагы жазасыңарбы? Эмнеге маалыматты текшербейсиңер?» — деп ачууланды депутат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ