Menu

Астана жашоочусу «жалган терроризм» үчүн бир жарым жылга соттолду

Бөлүшүү:

Астана соту терроризм актысы тууралуу жалган маалымат тараткандыгы үчүн жергиликтүү тургунду бир жарым жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Иштин материалдарына ылайык, шаардын аты-жөнү айтылбай жаткан тургуну 2016-жылдын 30-июнунда Астанадагы Sine Tempore (ЦУМ) соода борборунда теракт даярдалып жаткандыгы тууралуу полицияга кабарлаган.

Бирок соода жайына барган укук коргоо органдарынын кызматкерлери теракт даярдоо фактысы жалган экенин аныкташкан.

Астананын райондук сотунун өкүмүнө ылайык, соттолгон адам жаза мөөнөтүн жалпы режимдеги абакта өткөрүшү керек. Билдирүүдө өкүмдүн качан чыгарылганы көрсөтүлгөн эмес. Басма сөз кызматы чечим күчүнө киргенин билдирүүдө.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: