Menu

Таалайбек Масабиров, ЖКнын депутаты: “Бокс менен машыккан жайларыбыздын кебетеси үчүн чет жерден келген спортчулардын алдында уят болобуз”

Бөлүшүү:

Олимпиадага лицензия алган спортчуларыбыздын машыгуучу залдары талапка жооп бербейт. “Бул жерде сөз бокс менен машыккан спортчуларыбыздын  көнүгө турган жайы тууралуу болууда.  Бул чындап келгенде мамлекеттин жүзү. Анткени, Шопоковдун элесине арналган эл аралык турнирлер көп өтүп жүрөт. Ага  келген чет элдик спортчулар дагы ошол залдарда  алдын ала мелдешке даярдык көрүшөт. Ушундай спорт жайларыбыздын сапатсыз абалы үчүн чет жерден келген спортчулардын алдында уят болгонубуз жакшы эмес”,- дейт депутат Таалайбек Масабиров бүгүн, 19-октябрда “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Олимпиадалык таймаштарда медалдарды сурагандан мурда, ошол спортчулардын кандай шартта машыгып жаткандыгына  кызыгып көрүшүбүз керек. Спорт сарайын соода түйүнүнө айлантпай, максаттуу колдонсок,- деген депутат Т.Масабиров,- келечекте чоң спорт сарайы курулса деген тилеги бар экендигин айтты.

КР Өкмөтүнүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору –  Канат Аманкулов да уктурууга катышып,- “ Спорт тармагына каралган бюдеттик каражаттардан тышкары, ар бир олимпиадага Өкмөт кошумча каражат бөлүп берет. Мисалы, быйылкы жылы бөлүнгөн 100 млн. сомдун 70 млн. сому олимпиадага катышуучу спортчулардын даярдык иштерине жумшалса, калган 30 млн. сому футбол боюнча эл аралык курама команданын муктаждыктарына сарпталган”,- дейт.

“Ал эми спорт объектилери мамлекеттик казынанын эсебинен курула элек. Бирок, Ысык-Көлдө “Газпром” ишканасынын колдоосу менен курулган спорт комплекси жакшы жыйынтык бере баштады. Ал жерде бир топ эл аралык спорттук иш чаралар өтүүдө. Мисалы, воллейбол боюнча курама командабыз Азия лигасына катышып, дагы өйдөңкү тепкичтерге илгерилей алды”,- дейт КР Өкмөтүнүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси.

Ошондой эле К.Аманкулов ар бир спорттук иш чараларды чагылдырууда КТРКда  ачылган спорт каналынын ролу чоң экендигин белгилеп, дагы да техникалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, телевизиондук көчмө станциялардын кызматы көбүрөөк колдонулса жакшы болмок,- деп эсептейт.

Министрликтердин ортосундагы спартакиадаларды өткөрүү ушуну менен жакында 5-ирет уюштурулганы турат.  Андан тышкары  чакан шаарлар менен райондордун жетекчилеринин арасында да  спартакиада өткөрүү 3 жылдан бери туруктуу салтка айланды. Бул тууралуу ошол эле парламенттик радионун түз эфиринде болгон  КР Өкмөтүнүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин массалык спорт иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Канат Арпачиев билдирди.

Спорт- мода болуш керек. Муну чет элдик жарандар жакшы билишет. Бизде дагы бара-бара ушул спорттун маанилүүлүгү артып,  эл арасындагы спортко болгон ышкыбоздук жогорлоодо,- дейт К.Арпачиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: