Кичинекей кезинде дүкөнгө таштап кеткен Айжандын апасы табылганын, аны кантип издегендерин Kaktus.media басылмасы жазып чыкты.
Айжан кичинекей кезинде апасы атасы менен урушуп, кызды ала кетип, жолдон үйлөрүнүн жанындагы эле дүкөнгө таштап, “баланы кечинде алып кетем”, – деп коюп, барбай койгон. Айжан ошол бойдон дүкөнчү Тамаранын үйүндө жашап калат. Мурда кыздын аты Айжамал болсо, жаңы “апасы” Айжан деген ысым берет. Анткени кыз аты кандай экенин, канча жашта экенин билбейт да экен. Апасын сурап эле ыйлай берет. Кыз чоңоюп, энесин издей баштаганда өлкөбүздөгү Коомдук коопсуздук кеңеши энесин издей башташкан. Алгач атасы жөнүндө маалымат сураштырып, анын аты – Леонид экенин аныкташкан. Бирок атасы каза болуп калган экен. Анын тууганынын айтуусу боюнча Леонид өз атасы эмес экендигин, Айжанды эки бир тууган агалары менен 2006-жылы үйүнө киргизгенин айткан. Коомдук коопсуздук кеңешинин ыктыярчылары аныктагандай, энеси менен бир туугандары коңшу айылда эле жашашкан экен. Ал коомдун мүчөсү Валерия Садыгалиеванын айтымында, Айжандын энеси кийин турмушка чыгып, жаман эмес жашоо өткөргөн, эч нерсеге муктаж болгон эмес. Кызы айткан Кызыл-Кыя шаарынан энесин табалбай коюшкан, ошондо бир молдодон алар жашаган айыл жөнүндө угушуп, барышканда, Айжандын агасы табылып, андан кийин энеси ачыкка чыгып олтурат.
Энеси кызын эмнеге таштаганын айтуудан баш тартып, бирок аты-жөнү Айжан Эмильевна экенин, 1998-жылы төрөлгөнүн тастыктаган. Эми кыз документтерин тактап, эл катары жашап каларына ишенүүдө.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ