Бишкек шаарындагы “Мурас-Ордо” жаңы конушунда маршруттун айдоочулары өз билемдикке салып, жол кирени 15 сомдон 20 сомго чейин көтөрүп жатышат. Дал ушундай мазмундагы видеотасма кечээ, 28-майда facebook социалдык тармагына тараган.
Маалыматка ылайык, тасмада жүргүнчү айым маршруттун айдоочусуна “эмне себептен бааны көтөрүп салдыңар?” деп суроо узаткан.
“Эмне себептен 20 сом? Биз бир үй-бүлөөдөн 3төн адам жумушка чыгып жатабыз. Өкмөт жол кирени көтөргөн жок. Силер ансыз деле кыйналып жаткан элди ого бетер кыйнап жатасыңар. Элди ойлогула”, – деп ачууланган тасманын автору.
Ошондой эле, айдоочулар жол кире акысына жүргүнчүлөр 20 сомдон төлөбөсө жүрбөйбүз деп жатышат. Эрежени бузуп, санитардык посттон өткөндөн кийин элди унаанын ичине жык-жыйма кылып салып алышууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ