Menu

«Сомон Эйр» Орусиянын айрым шаарларына каттамдарын убактылуу токтотту

Бөлүшүү:

«Сомон Эйр» авиакомпаниясы 2-апрелден тарта Душанбе менен Худжанддан Орусиянын 7 шаарына каттамдарын убактылуу токтото турганын билдирди.

Авиакомпания жетекчилиги бул Росавиациянын 31-мартта жөнөткөн телеграммасынын негизинде аргасыз кабыл алынган чечим экенин айтты.

Телеграммада Душанбе Тажикстандын аймагына каттамдарды аткаруу боюнча «Урал аба жолдорунун» өтүнүчүн толук канааттандырбагандыктан, Орусия тажик авиакомпанияларынын белгилүү бир багыттар боюнча иштешине уруксат бербей тургандыгы жазылган.

«Сомон Эйрдин» маалыматына караганда, компания Душанбе менен Хужанддан Орусиянын Екатеринбург, Иркутск, Казан, Краснодар, Красноярск, Санкт-Петербург жана Сочи шаарларына каттамдарын токтотот. Андан тышкары апрелдин башында Хужанддан Москвага учуу үчүн берилген уруксаттын мөөнөтү дагы аяктайт.

Ошол эле маалда Душанбе-Москва-Душанбе, Душанбе-Новосибирск-Душанбе, Хужанд-Новосибирск-Хужанд, Хужанд-Краснодар-Хужанд жана Куляб-Москва-Куляб багыттары боюнча каттамдар өз тартиби менен аткарыла берет. Авиакомпания бардык жүргүнчүлөргө билет сатып алган акчалары кайтарылып бериле турганын билдиришти.

​Орусия менен Тажикстандын ортосундагы аба жолу боюнча чыр 12-мартта, тажик тарап «Урал аба жолдорунун» Пермден Душанбеге каттам аткаруусуна уруксат бербей койгондон кийин башталган. Буга жооп кылып Орусиянын Транспорт министрлиги тажик жүргүнчү ташуучусуна «жооп чараларын» көрөрүн эскерткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: