Menu

Узарбек Жылкыбаев, ЖК депутаты: “Калык Иманкулов менен мамилем жок, Камчы Көлбаев менен сыйлашкан жигиттерденбиз…”

Бөлүшүү:

“Ысык-Көл облусундагы кадрдык саясатка өрөөндөн чыккан КСДПчы «босс» депутат катары Узарбек Жылкыбаев көп кийлигишет» деген кине менен биздин гезит эл өкүлүн аргументаүү сындарыбыз менен ыңгайы келген жерден «туздап» турдук. Парламент депутаты сынга терикпей, өзүнө карата айтылган кептердин айрымдарын моюндап, өз чындыгын жарыялоого баш урган кербези.

-Узарбек мырза, Ысык-Көл облусундагы кадрдык саясатты Алмазбек Шаршеновичтин бир кездеги жардамчысы, учурдагы кесиптешиңиз Данияр Аттокуров экөөңөр көмүскөдөн көзөмөлгө алганыңыздар ушул кезге дейре катуу сөз болуп келет. Жергиликтүү жана референдум шайлоосунда Ысык-Көл облусуна куратор катары КСДП күткөн добушту алып бере албай койгонуңарды өзүңөрдүн эле партиялаштарыңар айтып жүргөнүн кайда катасыздар?

-Данияр Аттокуров кай жактарга кийлигишип жатканы жөнүндө айта албайм, бирок, Ысык-Көл облусундагы кадрдык саясат боюнча Балыкчы шаарынын азыркы мэри Алмаз Мамбетовду шаардык кеңештин депутаттарына мен сунуштагам. Анымды танбайм! Ачык айтыш керек, мэр шайлоого чейин Ба­лыкчы шаардык кеңешине болгон шайлоо өнөктүгүндө КСДП партиясы аталган шаардан утулуп калган. Мен ал шайлоого кийлигишкен эмесмин. Башка адамдар аралашкан. Натыйжада КСДП партиясы аз мандатка ээ болуп калып, башка партиялар менен биргеликте коалиция түзүп жатканда сүйлөшкөнбүз. Ошол сүйлөшүүлөрдө коалицияга кирген Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттары «КСДП партия­сы мэрликке биздин балыкчылык эмес, сыртган келген кадрлар болсо сунуштагыла, биз колдоп берели» деген сунушун айтышкан. Мен алардын сунушуна макул бо­луп, азыркы мэр Алмаз Мамбетовду сунуштагам. Шаардык жигит болгонгобу, башында Алмаз менин сунушума «Балыкчыга эмне бар?» дегенчилик кылып моюн толгойт. Мен болбой эле «Алмаз, иштин көзүн билесиң, өз эли-жериңе патриот болбойсуңбу» деп мындай да, катуу да айтып атып, акыры көндүрүп, Балыкчы шаар бийлик башына сунуштагам. Депутаттар да кош колдоп колдошуп, мына, азыр жергиликтүү эл менен ынтымакгуу жакшы иштеп жатат. Бүгүн Алмаз Мамбетовдун жакшы иштеп жатканын көрүп, өзүмдүн да көнүлүм ток. Жашырганда эмне? Ал эми Ысык-Көл районунун акими Дамир Иманалиевди да биздин фракцияга өзүм сунуштагам. Анткени, ал жигитти мен мурунтан тааныйм. Жакшы иштеген, түзүк жигит өзү. Ал жакка сунуштаганым менен жергиликтүү жүздөн ашык депутаттар өздөрү колдоп кетишкен.

-Мына акимге, килейген мэрликке «өздүк» адамыңызды сунуштап, ырас көнүп деле калган турбайсызбы. Ысык-Көлдүн губернатору Аскат Акибаевге да ушул күндөрү нааразы пикирлер айтыла калып жатат. Ал орунга да «өздүк» адамыңызды түртмөлөп, губернатор кылып койбойсузбу? Же Акибаев де­ле «өздүк» адамыңызбы?

-Жо-ок, болгону экөөнө гана кийлигишкем. Облустагы баш­ка деле кадрдык иштерге кийли­гишкен жерим жок. Өткөндө сен жазгансыңбы же башкасыбы, силердин гезитке чыккан сын мака­ла боюнча Ысык-Көл районунда жүрүп, ал жактагы тарапташтарым менен бир сыйра эстеп, күлүп сүйлөшкөнбүз.

-Эмнеге күлөсүз анча? Биз сизди кадрдык саясатка кий­лигишип жатканыңызды сындаган элек. Мына азыр анын баарын өзүңүз четинен тастыктап жатасыз го, же жалганбы?

-«Облустагы кадрдык саясаттын баарына кийлигишет» деп жазышыптыр. Эгер «кылт эткен» баардык кадрдык жүрүштөргө кийлигишсем, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысын, рай­ондук каттоо кызматынын жетекчиси баштаган райондук деңгээлдеги кызматтардын анабашчыларын карасаңар, 2005-жылдан бери орун которуштурбай иштеп жатышкандар бар. 2010-жылдагы бийлик алмашкандан кийин да орун алмаштырышпаган «түшпөс хандар» азыр деле кызматтарында иштеп келишет. Мен чындап кийлигишсем, ошолордун баа­рына колумду жеткирмекмин да, туурабы? Бирок, андай иштер­ге кийлигишпейм. Эмне кереги бар мага андай кадамдарга баргандын? Андыктан, жогорудагы аким менен мэрди мен сунуштаган үчүн кийлигишти кылып жатсаңар керек. Болгону ошол экөөнө кийлигиштим. Айрымдар ойлогондой, облустагы «кылт эткен» кадрдык саясатка кийлигишкен жерим жок. Мен буга дейре «Кыргыз деңизи» санаторийинде иштегем. Депутаттыкка кеткени ал жердин деле кадрдык иштерине кийлигишпедим. Башта айттым го, эмне кереги бар мага андай кадамдардын?

-Аскар Акаевдин убагында УКМКны башкарган гене­рал-лейтенант Калык Иманкулов менен бир тууган бөлө экениңер айтылат. Азыр Ка­лык Иманкулов менен мамилеңиз кандай?

-Генерал Калык Иманкулов менен бир тууган бөлөбүз. Аны танбайм. Ачык айтканда, азыр менде анын телефон номери да­гы жок. Жашаган үйү кай жакта экендигин дагы билбейм. Калык Иманкуловдун бир тууган улуу агасы менен гана туугандарча мамилем бар. Калык Иманкулов менен эч кандай мамилем жок. Ал Акаев доорунда мамлекеттик бажы кызматын, атайын кызматты башкарып жүргөндө, мен жумушсуз эле жүргөн жигит болчумун. Жакшылык-жамандыкта кокусунан жолугуп калганда учурашып койгонубуз болбосо, эч кандай деле мамилем жок.

-Бөлөңүз Акаевдин доорунда атайын кызматтын башчысы, «серый кардинал» катары таасири күчөп турган да. Анда деле тууган катары жарыгын тийгизе алган жокпу?

Эч качан анын жардамы тийген эмес. Кудайга тобо, мен карьералык өсүшүмө эч кимдин көмөгү же жардамы болгон эмес. Мен кезегинде Алматы шаарындагы абройлуу КазГу университетинин эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөм. Кийин өлкөбүздөн юридикалык билим алдым. Өзүмдүн карандай эмгегим, мээнетим, Кудайдын, элдин колдоосу менен айылдык, кийин рай­ондук кеңештин депутаты болгом. Учурда Жогорку Кеңештин депу­таты болуп турам. Кудайга тобо келтирген инсанмын.

-Көлдүк катары Камчы Көлбаев менен мамилеңиз кан­дай? Мурда-кийин ал ки­ши менен сүйлөшүп, байланышып көрдүңүз беле?

-Камчы Көлбаев экөөбүз теңбиз. Мектепте окуучулук күндөрүмдө футболду жакшы ойноор элем. Азыр да футболду жантыгымдан жата калып ойнойм. Фут­бол болобу же ар кандай спорттук мелдештерде Камчы экөөбүз жолугуп калчубуз. Азыр деле ипподромдон болобу же спорттук иш-чаралардан болобу, Камчы Көлбаев менен кокусунан жолу­гуп калсак, бири-бирибизди тааныган, сыйлаган жигиттер ката­ры учурашып коёбуз. Бири-бирибизди тааныйбыз.

Булак: “Азия ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: