Кыргыз Республикасына бүгүн, 16-сентябрда, Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсян келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
«Манас» эл аралык аэропортунда Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсянды Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсян бүгүн, 16-сентябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтүүчү КМШ Мамлекет башчылар Кеңешинин юбилейлик жыйынына катышуу үчүн келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ