Саясаттын ой-кырлары, жүрүштөрү татаал эмеспи. Соңку убакта Темир Сариевдин таскагы жайлап калганына көпчүлүк элита сарсанаага батып, айрым кошоматчылар каршы жээктеги оппоненттерине өтө башташыптыр. Бирок, Темике шайлоого чукул чыйралып, сырттан дагы колдоосу менен катуу күрөш сала турганы, жеңиштин аягына чейин баруусу күтүлүүдө. Албетте, ортодон биригүүгө азгырган күчтөр дагы арбын чыгууда, а эң башкысы, жалпы элдин ишенимин актоо жана туруктуу саясатчы катары жүзүн көрсөтүүгө белсенгенине ишеним чоң. Ток этери, Сариев ар башка күчтөргө кошулбай эле жеңиш үчүн өзүнүн дараметин сыноого катуу турганы калды…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ