Menu

Өкмөт, парламент тарабынан демилгеленген “Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл алууну максатсыз – деп эсептейт

Бөлүшүү:

“Өкмөт Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Бекешев Д.Д., Бабанов Ө.Т., Жеенчороев М.К. сунуштаган  Iv топтогу мүлккө болгон салыкты жокко чыгаруу жана ал салыкка акциздик салыкты кошуу демилгеси менен  “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам  долбоорун кабыл алууну максатсыз деп эсептейт” – деп билдирди өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы.

Биринчиден, бул мыйзам долбоор кабыл алынса баардык жарандар автоунаалардын бааларына карабастан салыкты бирдей төлөп калышат. Мындан тышкары автоунаасы жок, ал тургай эч качан автоунаа алып көрбөгөн жарандар дагы  ар кандай товарлар  жана кызматтар үчүн, ошондой эле коомдук транспорттордо жүргөндөр дагы жаңы салык төлөшү керек болот. Акциз –бул кыйыр салык болгондуктан,  кандай товар жана кызмат болбосун алардын баасы, транспорттук чыгымдарга кошулат.

Экинчиден, салыкты чогултууда кыйынчылыктар пайда болуп, бюджетке түшкөн кирешенин көлөмү төмөндөп кетиши мүмкүн.

Ошондой эле бул мыйзам долбоору,  Кыргыз Республикасынын Салык мыйзам чыгаруусундагы бирден бир негизги принцип болгон Салык салуу  адилеттигинин принциптерин бузат. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин  3-бөлүмүнүн 5-беренесине ылайык, Салык мыйзамынын ченемдери менен  учурдагы Салык кодексинин  принциптерине карама- каршы келүүсү мүмкүн эмес.

Мындан тышкары акциздик салыктын көтөрүлүшү, күйүүчү жана майлоочу майларга болгон баанын өсүшүнө гана алып келбестен, транспортту түзгөн бардык кызматтарга жана башка товарларга болгон  баанын өсүшүнө дагы алып келет. КММга (күйүүчү жана майлоочу майларга) болгон баанын өсүшү, сөзсүз түрдө жалпы баанын деңгээлинин жогорулашына дагы алып келет (инфляции).

Ошондой эле Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтү бул маселени «Таза Коом» долбоорунун алкагында кайрадан  карап чыгат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: