Menu

49 талапкердин алтоо гана кол топтоду

Бөлүшүү:

Президенттикке талапкерлердин алтоо гана Борбордук шайлоо комиссиясына кол топтоо баракчаларын тапшырды. Маалымат боюнча, Темир Сариев 60 миң, Өмүрбек Бабанов 107 миң, Өмүрбек Текебаев 38 миң 642, Бакыт Төрөбаев 72 миң 298, Сооронбай Жээнбеков 50 миң 44 жана Адахан Мадумаров 43 миң 871 жарандардын колун топтоп тапшырышкан. Кол коюлган баракчалар 26-августка чейин кабыл алынат. БШК Текебаевдин «кол чогултуу үчүн сарпталган чыгымдар шайлоо фондунан каржыланган эмес» деп, чогултулган колдун баары жараксыз деген чечим кабыл алган. Аталган комиссия үч талапкерди расмий каттоодон өткөрүп, күбөлүк тапшырган. Учурда президенттик шайлоого аттана турган 49 талапкер калды. Башында БШКга 59 талапкер арыз берген. Шайлоо 15-октябрга белгиленген.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: