Menu

Бишкек шаарынын мэри 8-августта шайланат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-июлда өткөн КР БШКнын кезектеги отурумунда Бишкек шаарынын жаңы мэрин шайлоо үстүбүздөгү жылдын 8-августуна белгиленди. Бул тууралу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Эсиңиздерге сала кетсек, шаардын буга чейинки мэри Албек Ибраимовго шаардык кеңештин депутаттары 13-июль күнү ишеним көрсөтпөөгө добуш беришкен. 19-июль күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнүн буйругу менен Албек Ибраимовду кызматтан бошоткон. Ошол эле күнү УКМК Албек Ибраимовду коррупция беренеси менен ачылган кылмыш иштеринин алкагында абакка алган.

БШК Бишкек мэрин шайлоо боюнча төмөнкү билдирүүнү жана эрежелерди таркатты:

БШКга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиевдин 2018-жылдын 19-июлундагы №487-Буйругу келип түштү.  Ага ылайык, Бишкек шаарынын мэри Ибраимов Албек Сабирбекович “Бишкек шаардык кеңеши тарабынан ишеним көрсөтүлбөгүндүгү тууралуу чечимине байланыштуу” ээлеген кызматынан бошотулду.  Буйрукка негиз катары Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 13-июлундагы №67-Токтому көрсөтүлгөн.

“Борбордун статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, шаардын мэри ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда БШК Бишкек шаарынын мэрин шайлоону орун бош калган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен дайындайт.

Шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан, шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт (23-берене, 3-бөлүк).

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо жашыруун добуш берүү жолу менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан жүзөгө ашырылат.  Эгерде ага Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, шайлоо болду деп эсептелет.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын көпчүлүгүн алган талапкер шайланды деп эсептелет.

Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялайт, тиешелүү протокол түзөт жана шайлоонун натыйжаларын ал жарыяланган күндөн тартып 7 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.

Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкерлерди көрсөтүүгө Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, фракцияларынын коалициясы жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри укуктуу.

Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда же билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдарда, мекемелерде жана жеке менчик чарба жүргүзүүчү субъекттерде жетекчи кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди эркин билген Кыргыз Республикасынын жараны Бишкек шаарынын мэри боло алат.

Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкерди көрсөткөн субъект шайлоого чейин 5 жумушчу күн калганданкечиктирбестен аймактык шайлоо комиссиясына каттоо үчүн төмөнкү документтерди берет:

1) талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечимди;

2) талапкердин шайлоого катышууга  макулдугу жөнүндө арызын;

3) талапкердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, иштеген жерин, ээлеген кызматын (ишинин түрүн) жана жашаган жерин көрсөтүү менен анын өмүр баянынын маалыматтарын;

4) ушул Мыйзамдын 22-беренесинин талаптарын ырастаган тиешелүү документтерди.

Аймактык шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде талапкерди көрсөтүүнүн тартиби ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келүүсун текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө чечимди же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечимди кабыл алат. Мында, эгерде шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринде каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайык келбөөчүлүктөрдү тапса, аймактык шайлоо комиссиясы документтер алынгандан кийин 24 сааттын ичинде талапкерди көрсөткөн субъектке ылайык келбөөчүлүктөр жөнүндө маалымдоого милдеттүү. Талапкерди көрсөткөн субъект маалымдоо алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

Талапкерди көрсөткөндөн кийин жана шайлоого 5 күн калганда, шаардын мэри кызматына талапкер мамлекеттик тилди эркин билүүсү боюнча сынак тапшырат.

Аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерлерди каттагандан кийин 2 календардык күндүн ичинде Бишкек шаарынын мэрин шайлоону уюштурат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: