Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модиге Индия Республикасынын Амритсар шаарынын жанында поезд көптөгөн адамдарды сүзүп кеткендигине байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.
“Көп сандагы адам курмандыгына алып келген Индиянын Амритсар шаарынын жанында поезд адамдарды сүзүп кеткендиги жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына азасын тең бөлүшүү менен көңүл айтам, ал эми бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетүүсүн каалайм”, – деп белгиленет Мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ