Menu

Курманкул Зулушев, генпрокурор: “Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш иши тергелип бүтө элек”

Бөлүшүү:

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовго карата козголгон иши тергелип бүтө элек. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда журналисттерге Башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, мурдагы бажы кызматкери 1 миллиард сомго жакын каражатты мамлекеттин эсебине которгон.

Генпрокурор Матраимовго гана эмес, башка экономикалык кылмыштарды жасаган адамдарга да чара көрүлүшү керектигин кошумчалады.

“Райымбек Матраимов тергөө менен кызматташуу тууралуу келишим түзгөн. Белгиленген график бар. Ал келтирилген чыгымды сөзсүз төлөшү керек. Убагы келгенде алар анын баш коргоо чарасын тандашат. Бул тергөө маселеси”, – деди Зулушев.

Белгилей кетсек, Райымбек Матраимов бажы органдарындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүүнүн алкагында 20-октябрда кармалган. УКМК Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болгонун, 2016-жылдан бери коррупциялык схема аркылуу тапкан 2 млрд. сомду мамлекетке төлөп берерин билдирген. Ал ошол эле күнү УКМКнын депозиттик эсебине 80 млн. сом төккөн. Сот Райымбек Матраимовду эч жакка кетпөө тил каты менен бошоткон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: