Menu

Өмүрбек Текебаев: “Атамбаев шашылыш түрдө Конституцияны өзгөртүү менен саясаттагы өмүрүн узартуу аракетин көрүүдө”

Бөлүшүү:

Азыркы Конституциянын “атасы” делген “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртүүсүз сактап калууга чамасы жетпесин моюнга алды. Депутат “Жаңы жүздөр” басылмасына берген маегинде президент Алмазбек Атамбаев саясатта таасирин жоготпой сактап калууга аракет кылып жатканын, бул аракеттин артында тобокелчилик жана коркунуч бар экенин айтты.

“Атамбаев шашылыш түрдө Конституцияны өзгөртүү менен саясаттагы өмүрүн узартуу аракетин көрүүдө. Ал премьер-министрликке же башка мамлекеттик кызматка барбай турганын билдирди, ишенем. Бирок башыбыздан өткөн, реалдуу бийликке ээ болуу үчүн сөзсүз эле расмий кызматта отуруу шарт эмес. Атамбаев башка адамдар аркылуу ишин улантат. Өзүнүн айланасындагы адамдарды жооптуу кызматтарга коёт. Бир жардамчысы Эсептөө палатасынын төрагасы, башкалары БШКнын, Улуттук банктын, Башкы прокуратуранын, УКМКнын жана башка түзүмдөрдүн башчысы болуп дайындалышты жана алардын келечеги Атамбаевдин саясий келечегине байланган. Муну Атамбаевдин саясий кланы дегенге болот, туугандыкка байланган трайбалисттик эмес, саясий клан.

Жакында “сот тармагында тажрыйбасы жок адам Жогорку Соттун мүчөсү боло алат” деген мыйзамды өткөрүштү. Бул кызматка президенттин кишиси барат деп божомолдоого болот. Ошентип, баарын, өкмөттү дагы, башка мамлекеттик органдарды Атамбаевге берилип кызмат кылган адамдар башкарат. Жогоруда аталган кызматтардын башчылары узак мөөнөткө дайындалышат, болочоктогу президент аларды алмаштыра албайт. Бүгүнкү күндө президент 40 депутаттын макулдугу менен башкы прокурорду иштен айдай алат, демилгечилер бул норманы 61 депутаттын макулдугу менен деп өзгөртүп жатышат. Демек, кийинки президент атамбаевдик башкы прокурорду кызматтан бошото албайт, анткени парламент премьер-министр тарабынан көзөмөлдөнөт. Болочок президент башкы прокурорду алмаштырууга жетишкен күндө да, башкы прокурор өкмөт мүчөлөрүнө жана башка жогорку мамлекеттик кызматкерлерди кылмыш иши боюнча тергөөгө ала албайт. Анткени, Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, Башкы прокуратура болгону кылмыш ишин козгоо менен чектелет. Тергөө жүргүзүү ишин өкмөттүк түзүмгө өткөрүп берет. Эми коррупцияланган өкмөттүк түзүм өзүнө өзү тергөө жүргүзүп, өзүн өзү жазалайбы?” – дейт Өмүрбек Текебаев.

Булак: super.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: