Бүгүн, 17-ноябрда КР Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы өзүнүн токтому менен 2017-жылдын 5-январындагы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечимин жана 2017-жылдын 18- сентябрындагы Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын аныктамасын күчүндө калтырды. Бул тууралу КР Жогорку Сотунун басма сөз кызматы билдирет.
2017-жылдын 5-январындагы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечиминин корутунду бөлүгү «Mavlian Askarbekov» деген сөздөн кийин “Бардыгына жеткиликтүү” режиминде деген сөз менен толукталсын.
Д.Д. Бекешевдин өкүлү – А.Т.Төлөнованын кассациялык арызы канааттандырылды.
Токтом жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет жана кайра даттанууга жатпайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ