Menu

Казакстан Кыргызстандын тоок этине чектөө киргизгенин «мыйзамсыз» деп эсептейт

Бөлүшүү:

Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстандын казак тараптан тоок этин ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизгенин «мыйзамсыз« деп баалады. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылды.

Казак тараптын жүйөсүндө Алматы облусунда акыркы он жылда куш тумоосу катталган эмес. Ал эми “Ньюкасл” аттуу ылаңга байланыштуу Түндүк-Казакстан облусунун Айыртау районундагы карантин ушул жылдын 19-сентябрында алынып салынган.

Ошол себептүү Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстандын Казакстандан тоок этин ташып келүүгө тыюу салышын укуктук жактан туура эмес деп эсептейт. Бул боюнча кат Кыргызстандын тиешелүү мекемесине жөнөтүлгөн.

9-октябрда Кыргызстандын Ветеринардык жана санитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Казакстандан тоок этин ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизген. Аталган органдын басма сөз катчысы Рахат Садырбекованын айтымында, коңшу өлкөнүн Кыргызстан менен чектеш аймактарында куш тумоосу боюнча маалыматтан улам ушундай чечим кабыл алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: