Menu

Эллада Асылбекова, ырчы: «Жолдошум Замир мага арнап көп ырларды жаратып, көңүлүмдү тапкан

Бөлүшүү:

Таланттуу түгөйлөр, коңур, назик үндөрү менен сонун чыгармалардын жаратмандары, керемет обондордун авторлору Замир Саламатов менен Эллада Асылбекова эл жүрөгүнөн орун тапкан ырчылар. Бүгүн Эллада айым бизде конокто болуп, чыгармачылыктагы жаңылыктар менен ой бөлүштү.

– Эллада, чыгармачыл татынакай түгөйлөрсүңөр, бирок кийинчерээк чыгармачылыктан алыстап кеткендейсиңер…

– Учурда чыгармачылык бир аз тыныгууда, анткени үй салып, анын көйгөйлөрүнө, жумуштарына көбүрөөк убакыт коротуп жатат окшойбуз. Бирок, ошентсе да жаңы чыгармаларды даярдап койгонбуз, болгону ТВ, радио түйүндөрүнө тарата элекпиз.

– Экөөңөр аткарган обондор өлбөс обондор. Сөзүнө көбүрөөк маани берериңер байкалып турат…

– Мен сөздүн жүрөгүн издейм. Биринчи сөз жүрөктү булкунтуп, жүрөккө тийет эмеспи. Кээде бир эле сүйлөм деле адамга чоң таасир бериши мүмкүн. Анан маанисине ылайыктап карайбыз. Поэзияга да кызыгуум күч. Анткени апам кичинекейибизде А.Осмоновдун ырларын көп окуп берчү. Бизди ыр жандуу кылып өстүрдү. Өзү да сөздүн гүлүн терип, ыр жазган адам. Анүстүнө жолдошум Замир Саламатов менен да жаш акындар тобу «Нур борбордон» таанышканбыз. Мага арнап көп ырларды жазып жүрүп көңүлүмдү таап алган десем болот. Айтор, экөөбүз тең ырдаарда текстке катуу маани берген, сөз баккан адамдарбыз.

– Жакшы обондорду да жаратып, Баатыр эне болууга да жакындап калыпсың…

– Кудай кут кылсын. Билинбей эле убакыт суудай агып, беш кыздын ата-энеси болдук. Улуу кызыбыз Медина он үч жашта. Экинчиси Кундуз он жашта. Үчүнчүбүз Асия жетиде. Төртүнчүбүз София төрттө. Бешинчи кызыбыз Мырзайым жети айлык. Биздин байлыктарыбыз, жашообуздун маңызы, берекелерибиз! Аман болушсун. Келечектери кең болсун. Ыймандуу, бактылуу болуп чоңоюшса экен деп ата-энелик аруу тилекти тилеп турабыз.

– Чыгармачылык менен үй тирлигин бирге алып кетүү айрыкча аял кишите оор болсо керек…

– Баардык жумуштун татаалдыгы, жыргалчылыгы бар деп түшүнөм. Эгерде өзүң сүйгөн, жактырган жумушуң болсо жыргалчылыгын көп көрөсүң. Бирок менин чыгармачылыгымды колдоп, Замир баардык жүгүн мойнуна алган үчүн мага женил болсо керек. Кыйналганым деле билинбейт. Мен көп убактымды балдарга болгонго аракет кылам.

– Жаңы чыгармаларыңарга, дуэттериңерге качан күбө болуп калабыз?

– Буюрса, алдыда максаттар көп. Белгилүү, таланттуу акын эжебиз Фаризат Асанкалиеванын «Жароокерим» чыгармасына обон жаралган. Эки жылдан ашуун убакытта жүрөктө бышып жетилип, жакында элге тартуулаганга даярданып жүрөбүз. Мен бул чыгарманын обонун жолдошума арнап, туулган күнүндө белек кылдым десем да болот. Тар чөйрөдө угармандарга жагып, тааныла баштады. Ошондой эле Замир экөөбүздүн жаңы дуэттерибиз да даярдалууда.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: