Өткөн жумада КТРКнын “Ой ордо” берүүсүндө паспортто жарандардын улутун көрсөтпөө боюнча маселе талкууланып, ал коомчулук арасында ар кандай пикирлерди жаратты. Бул боюнча бүгүн экс-депутат, “Ата-Журт” мекенчил партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев да интернетте өз оюн билдирди.
“Кыргыз” деген атты өчүрүүгө аракет жасагандарга наалат! Мени ошол берүүгө чакырганыңарда баарыңарды жай жайыңарга коймокмун. “Кыргыз” деген атты укканда кыжыры келгендердин чырагына май тамызып жатасыңар. Мен Кыргыз үчүн өмүрүмдү тобокелге салууга дагы макулмун. Өчүрө көрбөгүлө Кыргызды, эч жерден өчүрбөгүлө!, – дейт Ташиев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ