Menu

Эми мэр болом дегендер кыйшаңдай алышпайт…

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлигине талапкерлердин мамлекеттик тилден сынак тапшыруусу боюнча эрежеге өзгөртүү сунуштайт. Тийиштүү мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду. Долбоордо талапкерлер милдеттүү түрдө «Кыргызтесттен» өтүп, «ортодон жогору» деңгээлди көрсөтүшү керек. Талапкер катталууда мамлекеттик тил билүүсү боюнча күбөлүктү алып келиши керек. Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун кыргыз тилинен берген сынагы көпчүлүктүн купулуна толгон эмес. Ал оозеки жана жазуу түрүндө сынак тапшырган. Азиз Суракматов кетирген грамматикалык каталарга карабай, Тил комиссиясы ага жакшы баа беришкен. Андан кийин жарандык активист Канышай Мамыркулова БШКга кайрылып, Азиз Суракматовдун «Кыргызтестти» тапшыруусун талап кылган. Боршайком мэрге тесттен өтүүнү сунуштаган. Канышай Мамыркулова апта башында БШК, Өкмөт жана Тил комиссиясын Бишкектин райондор аралык сотуна берди. Ал мамлекеттик кызмат жетекчилеринин тил билүү деңгээлин аныктоо боюнча Өкмөттүн токтому аткарылбай жатканын билдирди.

Булак: «Фабула»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: