Menu

Министрлик: Караколдо жумушсуз жана балдарын бага албай калганынан өз жанын кыюуга аракет кылган 47 жаштагы аял мамлекеттен жардам алып турат

Бөлүшүү:

Кечээ, 25-апрелде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жумушсуз жана балдарын бага албай калган 47 жаштагы жалгыз бой аял өз өмүрүн кыйууга аракет кылды деген маалымат боюнча Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет:

М.В. аттуу жаран Каракол шаарынын эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгында каттоодо турат. Ай сайын майып балдарга берилчү 4000 сом өлчөмүндөгү жөлөк пул алат. Андан сырткары Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги ага майып баласын баккандыгы үчүн ай сайын 4900 сом айлык акы төлөйт.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында ага 10 кап көмүр жеткирилип берилген. Өзгөчө кырдаал жарыяланганда азык-түлүк жардамы көрсөтүлгөн. 16-апрель күнү мамлекеттик резерв тараткан жардам боюнча 1 кап ун алган. Ошондой эле ал үй-бүлө азык-түлүк боюнча жардам ала турган 1227 үй-бүлөнүн тизмесине киргизилген.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: