Бүгүн “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев көк бөрү боюнча курама команданын жоон билек жигиттерин Жогорку Кеңешке баштап келип, төрага Чыныбай Турсунбеков менен жолугуштурду. Ал жерде ат жалында ойногон көкжалдарга жакшы тилектер айтылып, соңунда төраганын фондунан 300 миң сом акча берилмей болду. Ошондой эле “Көк бөрү” федерациясын жетектеп келе жаткан Канат Исаев федерациянын атынан ар бир чабандеске 20 миң сомдон акча тапшырып, көкбөрүчүлөрдүн көңүлүн көтөрдү. “Чөбүм чабылбай, малым каралбай калды деп бушайман болбой, машыгууну жакшы дух менен уланта бергиле. Эртең Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында уят болуп калбайлы”, – деген Исаев, жакында президент менен өкмөттөн дагы каражат бөлдүрүп берүүнү убадалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ