Menu

Аскер лицейинин качып кеткен курсанттары кайра келишти

Бөлүшүү:

Суворов окуу жайы деген аталыш менен белгилүү Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин 70ке жакын курсанты 9-август күнү кечинде качып кетишкен.

Аскер лицейинин өкүлдөрү ата-энелерге чалып, балдарды сурап, эгер курсанттар үйдө болсо аларды окуу жайга алып барууну өтүнүшкөн. Бирок балдардын үйдө болбогону айтылган. Андан соң курсанттардын өзүлөрү командирлерге чалып, 10-августта саат 16.00дө окуу жайга кайра бара тургандыктарын билдиришкен.

Кечээ курсанттардын, ата-энелердин жана лицей жетекчилигинин катышуусунда чогулуш болду. Курсанттар аларга жаман мамиле кылган офицерлердин бирине нааразылык көрсөтүү иретинде качууга барышып, анын жумуштан алынышын талап кылышкан.

Өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы курсанттардын качкандыгын четке кагууда. Мекеменин маалыматтык камсыздоо башкармалыгы өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата өтчү парадга даярдануу иш-чараларынан кийин командир курсанттарды эс алууга коё бергенин билдирди. Бирок казармага баары өз убагында кайтып барышкан эмес.

«Андай болбош керек болчу. Командир дароо үч бөлүктү жиберген, а негизи ар бирин кезек менен жөнөтүшү керек эле. Азыр курсанттардын баары ордуларында. Кызматтык тергөө жүрүп жатат», – деп билдирди Башкы штабдын басма сөз кызматы.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: