Menu

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол коюулду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 15-февралында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын жетекчилерин шайланбай калышынан келип чыккан терс кесепеттердин таасирин азайтууга укуктук негиз түзүү болуп саналат.

Кабыл алынган Мыйзамда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин кызмат орундарына шайлоо маселесинде жергиликтүү кеңештин депутаттарынын катышуусунун сандык көрсөткүчү жалпы депутаттардын саны – “кеминде үчтөн экиси” дегенден  “көпчүлүгү” деп  алмаштырылды. Башкача айтканда жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аткаруу органдарынын  жетекчилерин кызмат орундарына шайлоого жергиликтүү кеңештин депутаттарынын  көпчүлүгү катышса, шайлоо  мыйзамдуу болуп эсептелет деген ченем киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: