Кечээ, 12-декабрда ишкер Жалил Атамбаевдин уулу Мамыттын үйлөнүү үлпөт тою болуп өттү.
Мамыттын өмүрлүк жары, сүйүктүү Айдай аттуу 25 жаштагы кыз. Үйлөнүү тою Ош шаарындагы банкет залы 1000 кишиге ылайыкталган Рамазан ресторанында өттү.
Коноктордун катарында Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Гаипкулов, Алтынбек Сулайманов, Искендер Матраимов, Азамат Арапбаев, Руслан Чойбеков, Айнуру Алтыбаева, Аида Касымалиева, Нургазы Айдаров, парламенттин мурунку депутаты Данияр Төлөнов, Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев, ИИМдин мурдагы башчысы Мелис Турганбаев, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, Ош облусунун бир катар райондорунун акимдери болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ