Menu

Аида айым Атамбаевге айбат көрсөттү

Бөлүшүү:

Өлкөнүн Башмыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Алмазбек Атамбаевдин көзүн караган кошоматчы фракциялар бир заматта чогула калышып, ажонун буйругун аткарууга жан үрөп баштады. Оппозициянын, коомдум уюмдардын жана активисттердин каршы пикирлерин уккан адам деле болгон жок.

Акыркы маалыматтар боюнча 87 депутат аталган мыйзам долбоорун колдоп, кол коюп беришиптир. Анан ошол эл өкүлдөрүнүн арасынан элге күйгөн бир дагы “эркек” чыкпаганы коомчулуктун кыжырын келтирип турган учурда, атамекенчи Аида Салянова бул маселе боюнча үн катты. Ал Атамбаев баштаган Башмыйзамды өзгөртүү боюнча иштеп жаткан командага айбат көрсөтүп, өзгөртүүлөрдү “акылы тайкы” адамдар жазышканын айтып чыкты.

“Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун эксперттик талдоого алуунун деле кажети жок экен. Аны мыйзам жазып көрбөгөн, же андан такыр түшүнүгү жок адамдар жазышканы көрүнүп турат”, – деген Салянова, бүгүнкү күндө референдум өткөрүү үчүн укуктук негиз жок экенин баса белгиледи.

Учурунда Атамбаевдин ишеними менен бир канча жыл Башкы прокуратураны жетектеген юрист адамдын мындай пикири жөн жерден айтылган жок. Ал бийлик башындагы адамдарга мыйзам көзкөрүнө бузулуп жатканын эскертип, “эсиңер барда этегиңерди жыйгыла” деп, аял башы менен айбат көрсөткөнгө аракет кылып атат. Бирок, бул долбоордун артында Атамбаев өзү турганын эске алганда, Салянованын сөзүн Ак үйдөгүлөр угаары күмөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: