Menu

Борбордук шайлоо комиссиясында илимий-эксперттик кеңеш түзүлдү

Бөлүшүү:

КР БШКнын маалыматтык  шайлоо тутумунун коопсуздугуна коомдук көзөмөлдү өркүндөтүү максатында  илимий-эксперттик кеңеш түзүлдү.  Бул туурасында КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү билдирет.

Анын  тутумуна төмөндөгүлөр киргизилди:
1.Кубанычбек  Мурзакматов – И.Раззаков атындагы  КМТУнун алдындагы Электроника жана Телекоммуникация  Институтунун “Телекоммуникация” кафедрасынын башчысынын орун басары;
2. Игорь Зимин – т.и.к., доцент,  И.Раззаков атындагы  КМТУнун алдындагы Электроника жана Телекоммуникация  Институтунун “Телекоммуникация” кафедрасынын башчысы;
3. Байыш Нурматов – т.и.к., доцент, Аналитикалык борбордун жетекчиси;
4. Алишер Салиев – физико-математика илимдеринин доктору, И.Раззаков атындагы КМТУнун “Компьютердик системаны Программалык камсыздоо” кафедрасынын профессору;
5. Жанна Баракова – т.и.к., И.Раззаков атындагы КМТУнун  алдындагы Маалыматтык система жана Телекоммуникациядагы технологиялар” кафедрасынын башчысы, доцент;
6.Турсунжан Каримбаев – т.и.к., КГУСТнун Маалыматтык система жана Технологиялар” кафедрасынын доценти;
7.Иосиф Тен–т.и.к., Раззаков атындагы КМУТнын “Компьютердик системаны Программалык  камсыздоо”  кафедрасынын  башчысы, профессор;
8.Рысбек Искаков–т.и.к., Раззаков атындагы КМУТнын “Компьютердик системаны Программалык камсыздоо”  кафедрасынын доценти;


Илимий-эксперттик  кеңештин башкы милдети–биринчи кезекте коомдук ачык көзөмөл, ошондой эле маалыматтык шайлоо системасынын (МШС) коопсуздугун жогорулатуу болуп саналат.
МШС Кыргыз Республикасындагы шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү ошондой эле анын жүрүшү жөнүндө, шайлоодо жана референдумда  добуш берүүнүн жыйынытыгын чыгарууга багытталган маалымат таркатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: