Menu

Анжиянда уурдалган паспорттор менен жашыруун документтерди издөөгө аскерлер тартылды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Анжиян облусундагы Балыкчы ички иштер органдарынын кызматкеринин унаасынан уурдалган паспорттор менен жашыруун документтерди издөөгө жүздөгөн аскерлер тартылды. Маалымдалгандай, учурда уурдалган паспорттордун жарымы табылган Анжиян каналы тосулуп, аскерлер каналдын түбүндө издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Балыкчы районунун «Алимбек» айылында жашаган активисттердин бири 11-ноябрда Анжиян каналынын «Гайрат» маалеси аркылуу өткөн бөлүгүндө уурдалган биометрикалык паспорттордун 5-6сы табылганын айтты. «МАИ кызматкерлери ар бир унааны токтотуп текшерип жатышат», – деп кошумалады маале активисти.

Балыкчы райондук акимчилигиндеги булак унаадан биометрикалык паспорттор гана эмес, андай документтерди жасап чыгаруучу кымбат баалуу техникалык жабдуу да уурдалганын билдирди. Ал дал ушул себептен улам издөө иштерине жүздөгөн аскерлер тартылган болушу мүмкүндүгүн айтты. Бирок маалымат расмий ырастала элек.

Маалымдалгандай, белгисиз адам РИИБ имаратынын алдында токтоп турган унаанын айнегин ачып, бир канча биометрикалык паспорт менен жашыруун документтерди уурдап кеткен. Унаа документтерди Анжиян облусунун райондоруна жеткирүү менен алектенген милиция кызматкерине таандык болгон. Окуя ал РИИБ имаратына кирип кеткен учурда болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: