Menu

Видео – Журналист Эрулан Көкүлов өзүн санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн башчылыгына дайындоону бийликтен талап кылды

Бөлүшүү:

“Не сахар” программасынын алып баруучусу Эрулан Көкүлов санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн башчылыгына дайындоону талап кылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирди.

«Мен Бишкектеги Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборун жетектөөгө даярмын жана каалайм. Бул структурада мен үчүн үч ай жетиштүү болот. Азыр бул бөлүмдү ким жетектейт билбейм. Бирок ал иштеген жеринде калып, айлык алсын», – деди Эрулан Көкүлов.

Анын айтымында, көзөмөл органы 90-жылдардын башынан бери иштеп келе жаткандыгына карабастан, милдеттерин өз деңгээлинде аткарбайт.

“2018-жылдан бери “Не сахар” долбоору иштейт. Бул долбоорду баштаганда дүкөндөргө киргенде оозум ачылып калган. Дүкөндөрдө сатуучулар гана эмес, менеджерлер өнүмдүн чыгарылган күнүн, анын курамын кантип туура көрсөтүү керектигин түшүнүшпөйт, аннотация деген эмне экенин билишпейт. 20 жылдан ашык убакыт ушул көзөмөл органы бар болсо дагы, ушундай кичинекей көйгөйлөр кылынган эмес”, – деди алып баруучу.

Көзөмөлдөөчү органдын түздөн-түз милдеттери алар үчүн өзүнчө долбоорду эмне үчүн жүргүзүшү керек деп ойлонуп, жарандардан ар кандай жерде антисанитардык шарттар, мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аштар жана уулануу боюнча арыздар түшүп жаткандыгын кошумчалады.

«Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборун эл билбейт. Анын кайда жайгашкандыгын дагы билбейт. Силер өзүңөр кайдасыңар, эмне иш кылып жатасыңар? Мага үч ай убакыт бергиле. Ушул үч айда мен силердин ишиңерди оңдоп берем, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кандайча иштеши керектигин түшүнөсүңөр», – деп жыйынтыктады Эрулан Көкүлов.

Белгилей кетсек, журналист Эрулан Көкүлов 8-номер менен “Реформа” партиясынан депутаттыкка талапкерлигин койгон. “Не сахар” бул долбоор. Азык-түлүк дүкөндөрүн текшерет.

https://www.instagram.com/tv/CHpfJY8HjWG/?igshid=99ldlcc3ym2n

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: