Ош облусунун Өзгөн районунун жаңы акими Руслан Мейматкулов менен башкы прокурор Курманкул Зулушевдин ортосунда туугандык байланыш жок. Бул тууралуу журналисттерге Руслан Мейматкулов өзү билдирди.
Анын айтымында, ал Зулушев менен тааныш дагы эмес. Мындан тышкары, ал райондун мурунку акими Болотбек Дыйканбаевдин социалдык тармактардагы жалган жарыяларга тиешеси бар деп божомолдогон.
“Социалдык тармакта таратылган маалымат чындыкка дал келбейт. Бизди кандайдыр бир туугандык мамилелер байланыштырбайт. Азыр мен Зулушевдин аркасы менен аким болуп калдым деп баардыгы жазып жатышат. Муну ким таркатып жаткандыгын билбейм. Балким мурунку аким. Мен так айта албайм”, – деди Мейматкулов.
Эскерте кетсек, Ош облусунун Өзгөн районунун жаңы акими болуп Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, учурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин өкүл баласы шайланганын президенттин м.а. Садыр Жапаров Ош облусунун жана Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда аксакал айткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ