Кечээ, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев ЖКнын Фискалдык жана экономикалык саясат боюнча комитетинин отурумунда “Караван” соода борбору менен эмне болуп жаткандыгын сурады.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы Ильяс Ташбаев “Караван” соода борборунун ижарачылары электрондук аукционду жокко чыгарып, бардык келишимдерди аларга өткөрүп берүүнү талап кылып жатышат деп жооп кайтарды.
Атайын кызмат токтомго ылайык бутиктерди электрондук аукцион аркылуу сатуу керектигин белгиледи. Ар бир ижарачы бутик сатып алышканын, бирок эч кандай келишими же документалдык далили жок экендигин айтат.
Алар өз ара алгылыктуу варианттарды табууну суранышат, деп кошумчалады ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ