Бишкекте Орусия Федерациясынын элчилигинин алдында тартип сакчылары Орусия президенти Владимир Путиндин саясатына каршы пикетке чыккан коомдук активист Нурлан Карымшаковду кармашты. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.
Анын айтымында, аталган жаран 27-март күнү милицияга жубайы менен чогуу жеткирилген. Анын кармалышына улуттар аралык жаңжалга чакырган плакаттар негиз болгон.
«Активисттин плакаттарында «Путин-агрессор», «Оккупант», «Өлтүргүч» жана «Бизге аскер базасынын кереги жок» деген жазуулар болгон. Милиция эксперттер аркылуу аталган жазуулар улуттар арлык жаңжалга чакырат деген кортунду чыгарып, КР кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси «Расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык жаңжалды козгоо» боюнча кылмыш ишин козгогон»-деп билдирди Рита Карасартова.
Пикетчинин үйүндө тинтүү жүргүзүлдү.
Нурлан Карымшаков учурда жубайы менен Бишкек шаарынын БИИБде. Укук коргоочулар алар 15 сааттан бери тамактана элегин айтышууда.
Бүгүн, 28-мартта Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары башталды.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ