Menu

Жогорку Сот Эрнест Карыбековдун жаза мөөнөтүн 14 жылдан 11 жылга кыскартты

Бөлүшүү:

Жогорку Сот саясатчы Эрнест Карыбековдун жаза мөөнөтүн 14 жылдан 11 жылга кыскартты. Бул тууралуу 27-мартта Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапарбек Аргынбаев билдирди.

Анын айтымында, соттук отурум 25-мартта өткөн. Жаңы кодекстердин ишке киргенине байланыштуу камактагы саясатчы
Карыбеков өзүнүн жаза мөөнөтүн кайра карап чыгуу өтүнүчү менен Жогорку Сотко арыз жазган. 2016-жылдын март айында «Элдик парламенттин» бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров «бийликти басып алууну пландоодо» деген негизде камакка алынган. Эрнест Карыбеков «кылмышты жаап-жашыруу» жана «мамлекеттик чыккынчылык» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилген. Өткөн жылдын 7-июнунда кылмыш иши Жогорку Сотто кайра каралып, жаза мөөнөтүн 6 жылга кыскарткан. Ушул жылдын 12-февралында абактагы саясатчылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов мөөнөтүнөн мурда бошотулганы маалымдалган.

Эрнест Карыбеков учурда №1 абакта кармалып турат.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: