Menu

ИИМ: Саляновдун өлүмүн иликтөөдө саясий себеп каралган жок

Бөлүшүү:

Ички иштер министрлиги депутат Аида Салянованын бир тууган инисинин өлүмүндө саясий себеп жок деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн мекеменин сайтына жарыяланды.

“Алдын ала маалыматка караганда, кылмышкерлер Саляновду эки жолу атып, качып кетишкен. Ал алган жараатынан аймактык ооруканага жеткирилгенден кийин каза болгон. Окуя болгон учурда Улан Саляновдон тышкары жубайы жана 17 жаштагы уулу бар болчу. Кылмышкерлер, алдын ала маалыматка караганда, ак түстөгү минивэн машинасына отуруп качып кетишкен. Бишкекте жана Чүй облусунда«Колго түшүрүү» планы жарыяланды. Оор кылмышка тиешеси барларды кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат. Бир нече версия каралууда. Окуя саясий өңүттө каралган жок. Кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча иш козголду. Ишти иликтөө Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды” деп билдирди ИИМ.

Окуя 6-ноябрга караган түнү, саат 01:30дар чамасында Бишкектин Көк-Жар жаңы конушунда болгон. 42 жаштагы Улан Салянов мурдагы Башкы прокурор, парламенттеги оппозициялык “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованын бир тууган иниси.

Окуяга күбө болгон маркумдун жакындарынын айтымында, Саляновдун үйүнө беткапчан 3-4 куралдуу адам кирип келген. Алар алгач акча талап кылышкан, үй ээси кармаша кеткенде ок атылган.

Ок Саляновдун жүрөгүнө тийип, окуя болгон жерде жан берген. Маркумдун артында жубайы жана эки баласы калды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: