Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин ректору Абдылда Мусаевге университеттин жалпы жамааты ыраазы. Себеби, жамаатты бөлүп-жарбай, айтылган ушак-айыңга көңүл бурбай калыстык менен иш алып барат экен. Абдылда Инаятовичтин ректор болуп келгени БГУнун ички чарбасы бир топ чыңалып, болуп көрбөгөндөй иштердин жасалып жатканын баса белгилеп айтышты. Айрыкча, университеттин, жалпы студенттердин коопсуздугун эске алып сыртын темир тор менен тоскону, жатаканалардын заманбап шарт менен оңдоп-түзөп жатканы жетекчинин мыкты иштеп жатканынан кабар берет эмеспи. Андыктан мыктыны мыкты деп айтып койгонго неге болбосун!
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ