Качан көрсөң жашыл жарык жанып турган Фейсбук катталуучулардын арасында Койсун Курманалиева эжебиз да бар. Өзү деле муну мойнуна алып Талас облусуна губернатор кезинде журналисттер маалыматтарды алуу максатында колдоноорун жашырган эмес. Койсун эжекебиз “Ата-Мекендин” бортунан алыс ыргыры менен Цукербергге ыраазычылык билдирип Фейсбукта жашап жүрөт. Кызматка илинип калсам деп буту үзүлгүчө чуркаганын деле жан адам көргөн жок. Бирок, кыргызда “Бир жолу даам ооз тийген жериңе миң жолу салам айт” деген жакшы сөз бар эмеспи. Курманалиева дагы Текебаевдин аркасы менен Таласка губернатор болуп олтуруп, кызматтын даамын таткан соң, ажо менен тирешип жаткан Өмүкеге боор тартып, көкүрөктөгү оюн айтып, көңүл жубатса куп жарашмак.
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ