Menu

Видео – Каракол шаарынын эки тургуну дүйнөдөгү сейрек кездешкен оору менен оорушат. Активисттер аларга жардам берүүгө чакырышат

Бөлүшүү:

“Каракол Бирге” коомдук кыймылы тубаса прогерия оорусу менен төрөлгөн Русланды жана Исламды колдоого чакырат.

Учурда Ислам 20 жашта, ал эми Руслан 11 жашта. Алар музыкалык аспаптарда ойношот, пластилинден мультфильмдердеги персонаждарды, ар түрдүү буюмдарды жасашат.

“Келгиле, Каракол шаарынын тургундары, кыргызстандыктар, балдарыбыздын чыгармачылыгын колдойлу. Рамазан менен Ислам али жаш. Алар жашап,  адамдарга, коомго пайда келтирүүнү каалашат.  Жигиттердин анимациялык чеберчилигин жогорулатуу үчүн Дарья Сидоренко, Татьяна Зеленская менен биргеликте команда түздүк. Бизге пластилин менен иштеген чебер керек (аралыктан иштөөгө болот) “, – деп жазышты активисттер.

Белгилей кетсек, учурда дүйнө жүзүндө ушул айыккыс дартка чалдыккан 100гө жакын адам жашайт. 

Маалымдама: Прогерия оорусу – адамды эрте улгайта турган сейрек кездешүүчү генетикалык оору. Прогерия айыкпас дарт, аны дарылоого да мүмкүн эмес, себеби ал генетикалык оору. Бул оору менен ооруган балдардын териси менен ички органдары тездик менен карыйт, чачтары агарып түшөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: