Бүгүн, 6-декабрда Жумгал аймагынын Кыз-Арт ашуусунда айдоочулар өздөрү муз менен күрөшүп жатышат. Бул тууралуу видеотасма Telegram каналынын “Короче” баракчасында жарыяланды.
Видеотасманын авторунун айтымында, жердин бары муз, жол тайгак. Жүк ташуучу автоунаалар жолдо токтоп турат.
Жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары өздөрү жолго кум себелеп жатышат.
«Тиешелүү кызматтар эмне кылып жатышат? Жол тейлөө бөлүмү иштебейт. Чоң жолдо айдоочулар өздөрү кум чачып жатышат, анткени муз тоңуп калгандыктан унаа менен өтүү мүмкүн эмес», – деди видеотасманын автору.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ