Өкүлчүлүк палатасы 397 добуш менен кабыл алган резолюцияда 16-майда Түркия резиденциясынын алдына чыккан демонстранттарга карата кол салууну айыптайт. Окуя учурунда 11 киши жаракат алган.
“Түркиянын коопсуздук кызматынын бир нече кызматкери куралсыз демонстранттарды сабашып, буттары менен тепкилешкен”, -деп айтылат резолюцияда. Өкүлчүлүк палатасы тынч өтүп жаткан каршылык акцияларына мыйзамсыз жол менен жолтоо болгон түрк коопсуздук кызматынын аракети үчүн жооптуу адамдар Кошмо Штаттардын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышы керек деп эсептейт.
Кабыл алынган резолюция кандайдыр бир камоолорго алып барары белгисиз. Кол салууга айыпталган Эрдогандын жан сакчылары Түркияга кайтып келишкен.
Вашингтон полициясы жана АКШнын башка расмий өкүлдөрү Эрдогандын коопсуздук кызматкерлерин түрк лидеринин сапары учурунда күрд демонстранттарына каршы кол салууга айыпташкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ