АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Никол Пашинян менен Ильхам Алиевди согушту токтотууга жана сүйлөшүүлөргө кайтып келүүгө чакырды.
During separate calls with @NikolPashinyan and @presidentaz, I pressed the leaders to uphold their commitments to cease hostilities and pursue a diplomatic solution in the Nagorno-Karabakh conflict. Armenians and Azerbaijanis deserve to live in peace.
— Secretary Pompeo (@SecPompeo) October 27, 2020
АКШнын Мамлекеттик департаменти шейшемби күнү түштөн кийин Помпео телефон аркылуу Армения жана Азербайжан лидерлери менен сүйлөшкөнүн маалымдады.
Тоолуу Карабак бийлиги Армения менен Карабакты байланыштырып турган жолдун боюнда жайгашкан Лачин шаары аткылоого кабылганын кабарлады. Би-Би-Си эгер азербайжан аскерлери бул жолду бууп таштаса, армян күчтөрү үчүн өтө чоң көйгөй жараларын жазды.
Артиллериялык соккуга кабылган Лачин шаарында көптөгөн үйлөр кыйрады.
Карабакта жаатташкан тараптар октябрь айынын ичинде эки жолу элдешүү келишимин түзүшкөн. Анын бири Москвада түзүлгөн. Бирок келишим ишке ашырылган эмес.
Азербайжан менен Армениянын ортосундагы талашка түшкөн Тоолуу Карабак аймагындагы кырдаал 27-сентябрдан бери курчуп, куралдуу кагылыштар болууда. Анын жыйынтыгында жүздөгөн адамдын каза болгону, анын ичинде жайкын тургундардын көп экени кабарланууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ