АКШ президенти Дональд Трамп Катардын эмири Тамим бин Хамад аль-Тани менен болгон телефондук сүйлөшүүсү маалында араб өлкөлөрүнүн ортосундагы каатчылыкты жөнгө салууга жардам берүүгө даяр экенин билдирди.
Ал ошондой эле Катарды исламчыларды каржылоо агымдарын токтотуунун үстүнөн иш алып барууга чакырды.
Күн мурун Трамп «Твиттердеги» баракчасына Катардын изоляциясы «терроризмдин аякташынын башталышы» болорун жазган. Буга карабастан АКШнын Коргоо министрлиги Пентагондун Катарга карата саясаты өзгөрбөй тургандыгын билдирди. Бирок мекемеден Трамптын бул билдирүүлөрү боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.
5-июнда Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирлиги, Бахрейн жана Ливия өлкөлөрү Катар менен дипломатиялык мамилелерин токтотушкан. Араб лидердери Доха радикал исламчылар менен Иранга колдоо көрсөтүп жатканын билдиришүүдө. Өз кезегинде Катардын бийлиги дипломатиялык мамилелерди токтотуу чечимин негизсиз, ал эми терроризмди колдоо айыптарын далилсиз деп атады.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ