Menu

Депутат Момбеков: «Ошол окумуштуулар өткөн кылымдын 50-жылдары эле табылган мумияны ушул кезге чейин изилдебей эмне кылып жүрүштү?»

Бөлүшүү:

Азыр айрым бир окумуштуулар тобу жакында эле Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин комиссиясынын чечими менен жерге көмүлгөн адам сөөгүнүн мумиясы тууралуу чатак чыгарууда. Алардын пикиринде, бул вандализм илимге чоӊ зыян келтирген имиш. Ошол окумуштуулар өткөн кылымдын 50-жылдары эле табылган мумияны ушул кезге чейин изилдебей эмне кылып жүрүшкөн? Эмне, аны эми эле көрө калыштыбы? Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди. Мындай маалыматты Жогорку Кеӊештин расмий сайты жарыялады.

«Мен мурдагы маданият министри катары, ал мумиянын таржымалын жакшы билем. Ачыгын айтыш керек, мумия бузулуп бараткан, аны көмбөгөндө эмне кылат? Улуттук илимдер академиясы аны сактоого албай койгон. Аны сатып алам дегендер да чыккан. Мумияланган аялдын сөөгүнүн кыргыз же башка экени азыркыга чейин белгисиз. Буга чейин биздин окумуштуулардын бири дагы басып келип изилдеген эмес. Орус окумуштуусунун сөөк IV-V кылымда жашаган адамга таандык деген пикири гана бар, андан башкан эч бир илимий тыянак жок», – дейт депутат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: