Балбак Түлөбаев Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Анын айтымында, ал кызматтан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арызын берген. Бирок Садыр Жапаров арызды кабыл алынган жок.
“Люстрацияга барайын дедим, моралдык укугум жок кете берейин дедим. Кыйын убакта, ушул учурда элиңе бар иште убагы келгенде көрөбүз калганын деди” – деп билдирди Балбак Түлөбаев.
Белгилей кетсек, 6-октябрда Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.
https://www.facebook.com/balbak.tulobaev/posts/3595658090478184
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ