Президенттик шайлоону ойдогудай өткөргөнү үчүн БШК төрайымы Нуржан Шайлдабековага өкмөт тарабынан катуу көңүл бурулуп, элиталык үйдөн батир берилгени каңкууланды. Шайлоо кампаниясы мезгилинде журналисттерден оолак болуп, кабинетинде гана «иштин баарын бүтүргөн» Нуржан айымдын эмгеги чын эле кожоюндарга жаккан окшойт. Эми бүгүнкү күндө өтө ийкемдүү, айта электе көздүн карегиндей айлангандар бай-манапчасынан жашап атышат, ал эми чындыкты айтып, эркин сөздүн эгелери болгон саясатчылар чекесинен түрмөгө отурушууда. Парадокс!
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ