Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин деканы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Сапарбек Ажыкуловдун демилгеси менен факультеттин студенттери биргеликте Сузак районундагы карылар үйүнө барышып, ал жердеги кары-картаңдарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктап келишти. Аталарга жана апаларга, мүмкүнчүлүгү чектелгендер жарандарга кеңири программадагы ыр-күлкү тартуулашты.
Декан С. Ажыкуловдун айтымында, карыялар бул иш-чарага кубанышып, ыр-бийге катышышты жана жаштык күндөрүн эстеп, сүйүнгөндөрүнөн ыйлап да алышты. Андан соң карыяларга жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге атап алынган белектер тапшырып, майрамдык маанайда шириндиктер таратылды.
-Карыларыбыз менен быйыл тыгыз байланышта боло баштадык, бул экинчи жолугушуу болуп жатат. Биринчи жолу Социалдык иш адистигинин активдүү 10 студенти менен барып, карыяларыбыз менен жакындан маектешип, алардын уул-кыздарындай болуп сырдашып кайтканбыз. Алар тууралуу кененирээк маалыма алууга кызыкканбыз. Бидин максатыбыз карыяларыбызды, мүмкүнчүлүгү чектелгендерди белгилүү бир дата күнү эле эстеп, башка убакытта эстен чыгырып койбостон, алардын балдарына болгон кусалыгын толтуруп, ичиндеги муңун чыгарып келечекке, жашоого болгон үмүтүн үздүрбөй жакшыртуу, стимул берүү болуп эсептелет, – дейт ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ