Menu

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков: Санариптик форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүүгө тийиш

Бөлүшүү:

Аралыктан иштөө режимине өтө турган мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылуу максатында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча жумуштарды күчөтүү керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр пандемия шартында жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн физикалык жактардын катышуусуз камсыз кылуу иштерин күчөтүү керектигин белгиледи.

«Коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны көбөйүүдө. Буга байланыштуу жарандар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү кеңселерден эмес, үйдөн алуусуна бардык шарттарды түзүү керек. Ал үчүн Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жаңы технологияларды ишке киргизүү боюнча иштерди күчөтүүсү керек. Муну менен катар COVID-19 боюнча калкка маалыматтарды кеңири жеткирүү жана анын мындан ары жайылышын алдын улуу үчүн колл-борборлордун дараметин күчөтүү тууралуу маселени республикадагы уюлдук компаниялар менен тез арада иштеп чыгуу шарт», – деди Алмазбек Баатырбеков.

Биринчи вице-премьер-министр жарандардын ден соолугун сактоо жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерине кызматкерлердин аралыктан иштөө маселесин карап чыгууну тапшырды.

«Республикада эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу кызматкерлерди аралыктан иштөө режимине өткөрүү уюштурулушу шарт. Бирок бул аракет мамлекеттик органдын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизбеши керек. Кеңселерде түзүлгөн кырдаалда мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн камсыз кыла турган саналуу гана кызматкерлер иштеп, имараттардын ичинде санитардык нормалар тийиштүү деңгээлде сакталууга тийиш», – деди Алмазбек Баатырбеков.

Штабдын жыйынында тармактык мамлекеттик коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар менен байланышта болгондорду аныктоо иштерин күчөтүү үчүн  маалыматтык жана интернет-технологияларын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасы берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: